Россия — АКШ алакасын жөнгө салууга карай кадам. Лавров менен Ушаков Эр-Риядга барат

Россия менен АКШнын мамилесин жөнгө салуу аракеттери. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров менен өлкө башчынын жардамчысы Юрий Ушаков америкалык кесиптештери менен жолугуу үчүн Эр-Риядга барат. Бул тууралуу РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматта биринчи кезекте тараптар Россия менен АКШнын комплекстүү мамилесин жөнгө салуу аракеттерин талкуулай турганы айтылат.
"Биринчи кезекте Россия менен Американын ортосундагы мамилени калыбына келтирүү жана Украина боюнча болушу мүмкүн делген сүйлөшүүлөргө даярдык көрүү маселелери талкууланат", — деди Кремлдин өкүлү.
Ал Сауд Арабиясы эки тарапка тең ылайык келген өлкө экенин, сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө Эр-Рияд дал ушул себептен тандалып алынганын белгиледи.
Эскерте кетсек, Россия президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамп өткөн шаршемби күнү телефон аркылуу 1,5 сааттай сүйлөшкөн. Тараптар Россия менен АКШнын жарандарын алмашуу жана Украина маселесин жөнгө салуу маселелерин талкуулашканы айтылган. Кийинчерээк Трамп Путин менен Сауд Арабиясында жолугушарын, командалар саммитке даярдык көрө баштай турганын жар салган.
Америка лидери Дональд Трамп
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Мага кыйын болуп калмак". Трамп Путиндин Украина боюнча кадамы тууралуу