БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстанда Орозо айы 1-мартта башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-февралда таравих намазы окулуп, 1-мартта ооз бекитилет.
Болжол менен орозо 30-мартта жыйынтыкталып, 31-мартта айт намазы окулары күтүлүүдө.
Ошол эле учурда быйыл орозо 29 күнгө созулуп калышы ыктымал экени кошумчаланды.