Бишкектеги окуучунун өлүмү: шектүү эки айга камалды

Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Бишкекте сабалгандан кийин көз жумган окуучунун иши боюнча кармалган шектүү эки айга камалды. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунан кабарлашты.
Маалыматка караганда, сот тергөөчүнүн 11-апрелге чейин камакта калтыруу өтүнүчүн канааттандырган.
Эске салсак, 21-январда Бишкек шаарындагы №72 мектептин 9-классынын Т.И. аттуу окуучусу өзүнөн төмөнкү класста окуган баладан акча талап кылып, окуу жайдын ажатканасында токмоктогону айтылган.
Бул боюнча "Ден соолукка оор залал келтирүү" жана "Опузалоо" беренелери менен иш козголуп, шектүү 15-февралда кармалган.
Өзгөндө 11-класстын окуучулары мушташып, бирөө ооруканага түштү