БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыймылсыз мүлк операцияларында (сатуу, белекке берүү ж.б.) салык карызы тууралуу маалым кат алуу автоматташтырылат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Чечим бюрократиялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүп, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.
"24-февралда Салык кызматы менен Кадастр органынын маалымат тутумдары интеграцияланат. Мындан улам мүлк салыгы боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалым кат алуу үчүн кайрылуунун зарылдыгы жоюлат. Ал автоматтык түрдө жеткиликтүү болот", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле карызы барларга аны ошол жерден эле онлайн төлөөгө мүмкүндүк түзүлгөнү кошумчаланды.