БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Зекет, битир-садаганы QR-код менен төлөөгө мүмкүндүк түзгөн система ишке кирди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Finik төлөм платформасын колдонуу Нарын облусунун имамдарына түшүндүрүлдү.

© Фото / пресс-служба ДУМК
"Аталган платформа аркылуу төлөмдөр түздөн-түз муфтияттын эсебине түшүп, ар бир тыйындын колдонулушу көзөмөлдөнөт", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле жыйында апрелден тарта имамдарга стипендия төлөнө баштаары кошумчаланды.