Депутат аткаминерди кызматка "мелдешүүгө" чакырды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Базарлардагы мал союучу жайлардын абалы төрт жылдан бери оңолгон жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.
Ал республикадагы мал союучу жайлардын абалын сынга алып, Ветеринардык кызматтын жетекчиси Улугбек Кожобергеновго кайрылды.
"Төрт жылдан бери базарлардагы мал союучу жайлардын абалы, ветеринардык көзөмөл оңолгон жок. Эмнени кыйратып жатасыңар?! Ишенбесеңиз азыр текшерели. Меники туура эмес болсо мандатымды тапшырганга даярмын, сиздики туура эмес болсо кызматыңызды тапшырасызбы?" — деп суроо салды эл өкүлү.
Аткаминер буга жооп кайтарган жок.
Радио
Веткызмат: тамак-аш коопсуздугу боюнча тиешелүү ишканалар текшерилет