БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Өзгөн районунда 11-класстын окуучулары мушташып, бирөө ооруканага түшкөнүн Ош ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 14-февралда болгон.
"№34 мектептин окуучулары пикир келишпестиктен улам уруша кетип, 17 жаштагы өспүрүм ур-токмокко алынып, ооруканага жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү экспертизалар дайындалып, "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду.