Аким жана облустук шаарлардын мэрлери мультипсихометрдик тестирлөөдөн өтүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Аким жана мэрлер мультипсихометрдик тестирлөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул ыкма адамдын жөндөмдүүлүгүн аныктап, анын кызматка ылайыктуулугун көрсөтөт.
"Тестирлөө кадрдын психологиялык жана психофизиологиялык сапаттарын, ошондой эле кесиптик жөндөмдүүлүгүн баалоого мүмкүнчүлүк берет. Ал жасалма интеллектинин жардамы менен жүргүзүлүп, адамдык фактор минималдаштырылган", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин тестирлөө адамдын жалган сүйлөгөнүн жана депрессиянын белгилерин аныктай алары айтылган.
Президенттин администрациясы: мамкызматта иштегиси келгендердин саны өстү