Жаңы гимнди жазууга жарыяланган сынак 21-апрелге чейин узартыла турган болду

Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Жаңы гимнди жазууга жарыяланган сынак 21-апрелге чейин узартылат. Буга Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети макулдугун берди.
Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиевдин айтымында, элден сунуштар дагы деле түшүүдө.
"Ведомствого жаңы гимндин 16 долбоору келип түштү. Ал эми жумушчу топтун электрондук дарегине 234 адамдан 401 кайрылуу, сунуш түшүп, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", — деди Ажымалиев.
Өлкөдө мамлекеттик гимндин тексти менен обонуна сынак жарыялаган. Сынактын жеңүүчүсү 1,5 миллион сом алары айтылган.
Пресс-борбор
"Россия сегодня" медиасынын редактору сапаттуу фоторепортаж жасоо ыкмасын айтты