БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Украинадагы согуштун дагы деле уланып жатканына карабай, кармаш дээрлик соңуна чыгып калды. Бул туурасында америкалык The National Interest журналы жазганын РИА Новости билдирди.
"Украинадагы кармаш де-факто алганда аяктады. Бул туурасында Трамп жар салган жок, бирок Америка жетекчилигинин жалпы аракети менен согуш мындан ары уланбашы керек деген бүтүмгө келди. Орустар Украинаны утту, демек, Москва НАТОну да жеңди", — деп айтылат макалада.
Автордун пикиринде көп мамлекеттер чактактын жыйынтыгы адилеттик менен Россиянын пайдасына болду деп туура кабыл алышат жана Москванын каршылашты жеңгенине аний дешпейт.
АКШ Украинага жардамды акырындап кыскартып жатабыз деген шылтоо менен НАТОдон оолактап, финансылык жүктү Евробиримдиктин мойнуна илет.
Автор окуя мындай ыңгайда кетсе Украинанын согушту улантуусун колдоого Европанын алы, ресурсу жетпей каларын белгилеген. Бул аны Россия менен АКШнын сүйлөшүү процессине катышуу укугунан ажыратат.
"Украина НАТОго мүчө өлкөлөрсүз, биринчи иретте Америкасыз Россия менен согуша албастыгын эске салсак, сүйлөшүү столуна отуруучулардын ичинен аларга орун берилиши акылга сыйбаган көрүнүш болот", — деген автор.
Өткөн аптанын шаршемби күнү, тагыраагы, 12-февралда, РФ жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын телефондон 1,5 сааттай сүйлөшкөнү маалым болгон. РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков президенттер Россия, АКШ жарандарын алмашуу жана Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча кеп болгонун айткан. Ал Вашингтон Украинадагы абалды жайгаруу боюнча бетме-бет сүйлөшө турган тарап экендигин кошумчалаган.
Трамп көп өтпөй россиялык кесиптеши менен Сауд Арабиясында жолугарын, президенттердин командасы жакын арада бул саммитти даярдай тургандыгын билдирген.