Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин өкмөт башчылары ЕАЭБ алкагында уюштурулган соодада баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө трансчек аралык мүмкүндүк алуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бул Биримдикте бирдиктүү алмашуу мейкиндигин түзүүгө карай маанилүү кадам. Баарыбызга белгилүү болгондой, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ар биринин бул багытта мүмкүнчүлүктөрү ар башка. Албетте, баалуу кагаздарды уюм ичинде чек арасыз жүгүртүү колдонуучулар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачары шексиз.
Ал эми биржалардын ишмердүүлүгү кандай болот? Кыргызстандын мисалында алсак эмнеге өлкөдө баалуу кагаздарды жүгүртүү анчейин өнүккөн эмес? Канткенде уюмдун башка мүчө мамлекеттери менен тең келе алган деңгээлге көтөрсө болот? Негизи эле өлкө үчүн баалуу кагаздын кандай түрлөрүн чыгаруу пайдалуу?
Ушул жана башка суроолорубузга “Экономикалык панорама” уктуруусунун алкагында жооп алабыз.