Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 22-январдагы отурумда Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо жана экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөрдүн топтомун бекитти. Анда кандай өзгөртүүлөр кирди, мурдагыга салыштырмалуу биз үчүн кыйынчылык жаралып калган жокпу, ЕАЭБдин алкагында дары-дармектерге керектелчү бир жолу колдонулуучу жабдуулар тиркелиши керек экен. Бул дары-дармектерге кайсылар кирет, Кыргызстан үчүнчү өлкөлөрдөн импорттогон дарыларга ушундай талап коюшу зарыл болобу, аны коштогон документтерди кыргыз тилине которуу иштери кандай жүрөт, бул импорттоодо кандай өзгөрүүлөргө алып келет, мындай талаптар дарынын наркынын көтөрбөйбү, Кыргызстан бул талапты кантип аткарат өңдүү бир катар суроолорду мейманыбыз Садат Сагындыковага узатып жооп алдык.