Апта башында кар жаайт. 23-февралга чейин республика боюнча күтүлгөн аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет республика боюнча 23-февралга чейин күтүлгөн аба ырайынын божомолун жарыялады.
Бишкекте 16-февраль менен 17-февралга караган түнү кар жаайт, калган күндөрү жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы аптанын соңунда 13 градуска чейин чыгат.

Чүй, Талас

Синоптиктер эки аймакта аптанын башында көпчүлүк жерлерде кар жаай турганын эскертти. 18-февралдан тарта күн ачык болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен

Өлкөнүн түштүк аймактарында дагы 16-17-февралда кар жаап, айрым жерлерге туман түшөт. Шейшембиден тарта жаан-чачын болбойт.

Ысык-Көл, Нарын

16-17-февраль жана 18-февралга караган түнү жер-жерлерге кар түшөт. 19-22-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күн 25 градуска чейин ысыйт. Мартка карата аба ырайы