"Колдонууга болбой калыптыр". Мэр Ошко 150 атайын техника сатып алынарын айтты

Экскаваторлор. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Ош шаардык кызматтарына 150дөй атайын техника сатып алынат. Бул тууралуу калаа башчы Жеңишбек Токторбаев "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, атайын техникалар Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 500 миллион сомго сатып алынмакчы.
"Учурдагы техникалардын 90 пайызы эскирип, колдонууга такыр мүмкүн болбой калыптыр. 500 миллион сомго 150дөн ашык жаңы техника сатып алуу пландалууда. Алар "Ош көрктөндүрүү жана жашыл чарба комбинаты" муниципалдык ишканасына, Муниципалдык менчик департаментине, Капиталдык курулуш башкармалыгына жана "Ош шаардык жолдору" башкармалыгына берилет", — деген Токторбаев.
Мэр Ош шаарындагы 9 муниципалдык аймактык башкармалыктын ар бирине өз аймагындагы инфраструктураны жакшыртуу (жолдорду, тротуарларды, балдар аянтчаларын оңдоо жана куруу) үчүн 30 миллион сом бөлүнөрүн кошумчалаган.
Адылбек Касымалиев Транспорт министрлигине 453 атайын техника тапшырды
Транспорт министрлигине 453 атайын техника тапшырылды