Бишкекте элге "Раймалы менен Бегимай" этномюзикли тартууланат

Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча "Раймалы менен Бегимай" этномюзиклин тартуулайт. Бул саамалык Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен коюлуп жаткандыгын аталган министрликтен кабарлашты.
Аны бет ачары 22-февралда болот да, мюзиклди элге тартуулоо 24-28-февралга чейин уланат.

"Аталган чыгарма аркылуу улуу өнөр касиети менен бирге кыргыз элинин дүйнө таанымын, маданий баалуулугун, каада-салтын, тилин коомго кеңири таанытып жана таалим-тарбия иретинде жаштар арасында жайылтуу максаты коюлган", — деп айтылган билдирүүдө.

Мюзиклде бири-бирин чын дилинен сүйгөн ашыктар Раймалы менен Бегимайга болгон элдин сүймөнчүлугүнө карабастан, залимдиги башынан ашкан бир ууч түркөй коомдун курмандыгы болгон татаал тагдыры чагылдырылган.
Долбоордун автору жана жетекчиси КР эл артисти Кыргызбай Осмонов, либреттосун КР эл акыны Аалы Туткучев жазган. Режиссеру — Айнура Качкынбек кызы.
Бул легенда Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романында баяндалган. Жазуучу экинчи уламышта Раймалы менен он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек Бегимайдын махабатын берген. Автор легенда аркылуу адам баласына бир келүүчү сүйүү сезими карылыгына карабай Раймалынын, жаштыгына карабай Бегимайдын бирдей эле деңгээлде жан дүйнөлөрүн ээлеп алганын көрсөткүсү келген.
Радио
Кыргызстандын театры койгон спектаклдер Москваны таң калтырды