БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкекте армрестлинг жана пара-армрестлинг боюнча Кыргызстандын чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Мелдеш 25-27-февраль күндөрү "Газпром" спорт комплексинде болот.
Турнирге республиканын бардык аймагынан келген спортчулар катышат. Чемпионатта аялдар жана эркектер жаштар, чоңдор, ардагерлер категориясында күч сынаша алышат. Жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылмакчы.