Бишкекте автобустун айдоочусу аялдамадагы адамды урган деп кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкекте автобустун айдоочусу чыга калып, аялдамадагы адамды урган деп кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБ кабарлады.
Бүгүн, 16-февралда, милицияга арыз түшкөн. Жабырлануучунун айтымында, коомдук транспорттун айдоочусу 7-апрель — Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде эч себепсиз кол көтөрүп, залал келтирген.
Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен иш козголуп, 40 жаштагы киши кармалды. Маалыматта анын ушул сыяктуу бир нече кылмыш жасагандыгы аныкталганы айтылган.
Унаага жүк жүктөп жаткан адамды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды