18-февралда Бишкектеги жаңы конуштардын биринде суу өчөт

Суу өчүрүү. Иллюстративдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. 18-февралда Бишкектеги Жеңиш жаңы конушунда ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Суу бул конушта саат 10:00 - 15:00 чейин турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо жана башка объектилерге берилбейт.
Мэрия бул күнү "Жеңиш" суу кампасы жана шаардагы түтүк тармактары оңдолорун билдирип, келтирген ыңгайсыздыктар үчүн жашоочулардан кечирим сурады.
Бассейндеги аял. Архив
Мончо, унаа жуугуч, бассейн иштеткендер үчүн суунун тарифин көтөрүү каралууда