БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. 17-февраль, дүйшөмбүдө республиканын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаап, туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргыз гидрометеорология таратты.
Абанын температурасы Чүйдө + 3...+8, Талас аймагында 0...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көл өрөөнүндө +1...+6 градус болсо, Нарын чөлкөмүндө 0...-5 градуска чейин төмөндөйт.
Борбор калаада +6...+8, Ош шаарында +4...+9 градус болот.