БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Токмок шаарында 2 290 батирлүү ипотекалык үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, турак жай комплексинде 15 кабаттуу үйлөрдөн турган 31 блок болот. Аларда жалпы 2 290 батир жайгашары белгиленди. Жалпы аянты 184,8 миң чарчы метрди түзөт.
“Максаты — шаарда жашаган адамдар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап шарттарды түзүү”, — деп айтылат маалыматта.
Комплексте мектеп, бала бакча, унаа токтотуучу жай жана жети блоктун биринчи кабатында соода аянттары болот.