БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. ТИМ Россияда жүрүү эрежелери өзгөргөнүн эске салды.
Маалыматка ылайык, 5-февралдан баштап Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар чыгарылууда.
Документтерин тууралабагандарга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
жашаган жерин уруксатсыз өзгөртүүгө;
бир региондон башкасына чыгууга;
унаа айдоого жана айдоочулук күбөлүк алууга;
кыймылсыз мүлк жана автоунаа сатып алууга;
никеге турууга жана ишкердик каттоого;
банктык операцияларды жүргүзүүгө.
Ошондой эле тартип бузуу кайталанса адам өлкөдөн мажбурлап чыгарылат же атайын жайда кармалат. Эреженин аткарылышын көзөмөлдөө укугу ички иштер органдарына жана сотторго берилген.