Агам батирде турса, мен кымбат машина айдай албайм... Самат Эркинбековдун маеги

Sputnik
Интервью учурунда актер Самат Эркинбековдун "Кудай таалам бир аз кыйнап-кыйнап туруп, анан берет да" деген сөзү таасир калтырды. Мисалга, чыгармачыл топ "Муңайба, Адеми" ырынын видеосун тартуу үчүн тоонун башына чыккан кезде нөшөрлөп жаан төгүп жиберген. Ал эми "Сүйүп барамда" күз мезгили болсо да кар жаап салган. Үшүп-тоңуп тартылган эмгектердин жыйынтыгы элге жагып, учурда миллиондогон көрүүчүлөрдү топтоп жатат.
Эркинбековдун айтымында, жубайы экөө тун уулун беш жыл күтүшкөн. Көптөгөн дарыгерлерге барып чарчаганда жөн гана күтүүнү чечишкен. Бирок маек учурунда актер чоочун кишинин күтүүсүз айткан кеңеши анын жашоосун өзгөрткөнүн айтат. Ал мырза канткенде жубайлардын ортосунда жылуу мамиле, гармония пайда болорун түшүндүргөн.
Мындан сырткары, Самат Эркинбеков интервью учурунда ата-энесинен эрте ажыраганын эстеп, агасына эмне себептен батир алып бергенин, кофейня ачып миллион сомго чыгым болгонун айтып берди.
Тема боюнча:
Келечегим Кыргызстан менен тыгыз байланышта. Акын Акмат Султан уулунун видеомаеги