Ош мэриясына жаңы техникалар тапшырылды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Ош мэриясына жаңы техникалар тапшырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, курулуш компанияларынын бири суу ташуучу, жүк түшүрүүчү, таштанды жүктөөчү унааларды, бир экскаваторду жана үч автобусту тапшырган.
Техника муниципалдык ишканаларга өткөрүлүп берилген. Ал эми автобустар Жапалак, Жибек Жолу жана Алымбек датка айылдарынын окуучуларын мектептерге ташый турган болду.
Ош мэриясына атайын техника алууга 500 млн. сом бөлүнөт