БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Жумгалда окуучулар мушташып, 16 жаштагы окуучу жаракат алды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга бул боюнча маалымат райондук ооруканадан 13-февраль күнү саат 00:05тер чамасында түшкөн.
“Белгилүү болгондой, Баш-Кууганды айылындагы Ш.Садыбакасов атындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу И.Т. денесинен жаракат алып ооруканага кайрылган. Жабырлануучунун көрсөтмөсү боюнча, ал классташы А.Н. менен уюлдук телефон талашып, пикир келишпестиктен улам уруша кеткен. Ошол учурда А.Н. учтуу нерсе менен И.Т.сол санын тилип, окуя болгон жерден качып кеткен”, — деп айтылат маалыматта.
Жабырлануучунун ата-энеси арыз жазуудан баш тартканы белгиленди. Ал эми Жумгал РИИБдин беш кызматкери кызматтык милдеттерин так аткарбаганы үчүн тартиптик жазага тартылганы кошумчаланды.