БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын жана Ош облусунун 26 милиция кызматкери ишиндеги шалаакылыгы жана кемчилиги үчүн жазаланды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Мектептердеги чыр-чатактан улам эки баланын өлүмү менен коштолгон окуялардан кийин ИИМде кеңешме өтүп, жыйынтыгында төмөнкү кызматкерлер иштен алынды:
Ленин РИИБинин жетекчисинин орун басары Нарис Кыдырбаев;
№2 ШМБнын башчысы Талгат Бердибеков жана анын орун басары Айдар Асакеев;
жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын башчысы Акылбек Абдимуталов;
Кара-Суу РИИБинин башчысы Тилек Өмүралиев жана анын орун басары Сталбек Суюнов;
аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Муратбек Айтиев.
Мындан тышкары, милдеттерине шалаакы мамиле жасагандыгы үчүн Ленин РИИБинин жана Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБинин 19 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылган.
Эске салсак, 12-февралда Кара-Суу районунун Каратай айылындагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектепте окуучулар уруша кетип, натыйжада 9-класстын окуучусу каза болуп калганы, ал эми 11-класстын окуучусу кылмышка шектелип кармалганы кабарланган.
Буга чейин Бишкектеги №72 мектептин 8-классынын окуучусу каза болгон. Ал чоң класстын балдарынан токмок жегенин Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова билдирген.