Советтик армиянын Афганстандан чыгарылышына 36 жыл. КРде митинг-реквием өттү

Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстанда Советтик армиянын Афганстандан чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына карата митинг-реквиемдер өттү.
Коргоо министрлиги иш-чара Бишкек шаарындагы Ататүрк атындагы паркта болгонун билдирди.

“Биз бул күндү эстеп жүрүүгө, келечек муунга бир тууган элине жардам берүү милдетин аткарган советтик армиянын жоокерлери тууралуу маалымат берүүгө милдеттүүбүз”, — деген коргоо министри Бактыбек Бекболотов.

1 / 2

Кыргызстанда Советтик армиянын Афганстандан чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына карата митинг-реквием өттү

2 / 2

Кыргызстанда Советтик армиянын Афганстандан чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына карата митинг-реквием өттү

Ошондой эле эскерүү иш-чарасы бүгүн Ош шаарында дагы өттү. Ага шаардык жана аскердик окуу жайлардын өкүлдөрү, “Русский дом” борборунун өкүлдөрү, Россиянын Башкы консулдугунун кызматкерлери жана ардагерлер катышты.
Бишкекте блокадачылар менен Ленинградды коргоочулар эскерилди