Бишкектеги окуучунун өлүмү. Милиция шектүү өспүрүмдү кармады

Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бишкек шаарындагы №72 мектептин окуучусунун өлүмү боюнча ден соолукка оор зыян келтирүүгө шектелген 16 жаштагы өспүрүм кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.
Милициянын айтымында, Ленин РИИБине А.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 21-январда анын уулун ажатканада ур-токмокко алган №72 мектептин 9-класстагы Т.И. аттуу окуучусуна жана окуяга тиешеси барларга чара көрүүнү өтүнгөн. Эске салсак, жабырлануучу ооруканага түшүп, 4-февралда каза болуп калган.
Тартип сакчылары кармалган Т.И. 8-класстын окуучуларынан системалык түрдө акча топтоп жүргөнүн аныктаган. Т.И. 21-январда жабырлануучуну ушул себеп менен ажатканада ур-токмокко алып, окуя өлүм менен аяктаганы айтылды.
Жогоруда айтылган фактылар боюнча “Ден соолукка оор залал келтирүү” жана “Опузалоо” беренелери менен кылмыш иши козголду.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экспертиза ал баңгизат колдонбогондугун тастыктады (буга чейин соцтармакта ал баңгизат колдонору айтылган болчу).
Мектептердеги өлүм менен аяктаган чыр-чатактардан кийин 26 милиционер жазаланды