Бишкектин чок ортосундагы мыйзамсыз курулуштар. Прокуратура иш козгоду

Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бишкектин чок ортосундагы мыйзамсыз курулуштар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

“Бишкектин Чүй, Москва, Тоголок Молдо жана Насирдин Исанов көчөлөрү менен чектелген кварталдын курулуш долбоорун “Бишкек башкы архитектуранын” кызматкерлери мыйзамды бузуу менен иштеп чыгышкан. Мындан тышкары, долбоор боюнча Коенкөзов көчөсүндөгү 48 жана 48А дарегине коомдук имарат курулмак. Бирок Мамкурулуштун директорунун орун басары кол алдындагылар менен "С.С." ЖЧКсына көп кабаттуу үй курууга уруксат беришкен”, — деп айтылат маалыматта.

Иш “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча тергелүүдө.
Депутат жаңы конуштарга көп кабаттуу үй курууга мораторий киргизүүнү сунуштады