Зеленский Украинанын кен байлыктарынын жарымын АКШга берүүдөн баш тартты

Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинанын кен байлыктарынын 50 пайызын АКШга берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жерде казып алына элек минералдык ресурстар жөнүндө сөз болуп жатат.
“Мюнхендеги конференцияда АКШ Конгрессинин делегациясы Зеленскийге кол коюу үчүн документ тапшырган. Анда Украинанын минералдык ресурстарынын 50 пайыз укугу АКШга берилери каралган. Зеленский ага кол коюудан баш тарткан”, — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Мюнхендеги коопсуздук конференцияда Киев режиминин башчысы менен АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнстин жолугушуусу жылдырылганы кабарланган. Себеби Украина өнөктөштүк тууралуу меморандумдун долбоорун кайра иштеп чыкканы жана аны америкалык тарап изилдөөгө убакыт сураган.
РБК-Украинанын маалыматы боюнча, кеп сейрек кездешүүчү металлдар келишиминин долбоору жөнүндө болуп жатат.
Буга чейин Дональд Трамп Киев бийлиги АКШ берген каржылык жардамды кайтарышы керектигин билдирген. Анын суммасы 300-350 миллиард доллар экени айтылган. Трамп Украина сейрек кездешүүчү металлдарын АКШга берүүгө кепилдик бериши керектигин белгилеген. Ал эми Зеленский АКШга инвестиция салып, кен байлыктарды биргелешип казып алууга мүмкүндүк берерин айткан.
Украинанын Трамп кызыккан кен байлыктары чындап кирешелүүбү? Графика