БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Жекшембиде республиканын көпчүлүк аймагында кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө 0...+5, Талас аймагында -1...+4, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көлдө +1...+6, Нарын өрөөнүндө -4...+1 градус болот.
Термометр борбор калаада +3…+5, Ош шаарында +6...+8 градусту көрсөтөт.