БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Россия жана Кытай менен "аскердик жааттагы", өзгөчө, өзөктүк курал жаатындагы тирешүүнү азайтуу үчүн макулдашууга жетерине үмүт артат. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Кытай, Россия (жетекчилиги — ред.) менен жолугушмакчымын, аскердик, анын ичинен өзөктүк курал боюнча чыңалууну жумшарта алабызбы, көрөбүз", — деген ал Ак үйдө журналисттер алдында сүйлөп жатып.
Америка президентинин айтымында, Россия жана Кытай дүйнөдөгү өсүп жаткан согуштар менен катар эле аскердик мүмкүнчүлүгүн бекемдөө максатында бул тармакка арбын каражат салууда.
"Бири-бирибизге каршы туруш үчүн чыгымга учуроонун мааниси деле жок. Бул акчаларды жаркын максаттарга жумшасак жакшы болмок", — деген Трамп.