БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. 2024-жылга карата бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
1-апрелге чейин төмөнкүлөр декларация тапшырууга милдеттүү:
жергиликтүү уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана мүлк салыгы боюнча милдеттемелери жок уюмдардан тышкары);
Кыргызстанда туруктуу мекеме түзүп иш алып барган чет өлкөлүк уюмдар;
мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер.
1-майга чейин төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
жеке ишкерлер;
патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иштеген жеке жактар;
чет өлкөдө эл аралык уюмда, дипломатиялык жана консулдук мекемеде иштеген КР жарандары;
салык салынуучу киреше алган жана киреше салыгы боюнча милдеттенмеси бар жеке жактар.
Жеке жактар декларация тапшыруудан бошотулгандыктан мугалимдер, дарыгерлер, окумуштуулар, чыгармачыл инсандар, жеке жана мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын кызматкерлери, пенсионерлер, студенттер жана башка категориядагы жарандар аны тапшырбайт. Бирок каалоочулар ыктыярдуу негизде декларация тапшырса болору кошумчаланды.
Толук маалыматты аймактык салык органдарынан, 116 номери аркылуу же Салык кызматынын www.sti.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.