Жапаров: 2027-жылдан тарта учактар аба майдандарына туманга карабай учуп-конот

Учак кечинде тумандуу аба ырайында учуп жатат. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Быйылтан баштап Бишкек менен Ошто учуп-конуу тилкелери оңдоло баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Ош" аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушуна мезгил кутусун салуу аземинде билдирди.
Анын айтымында, аэропорт 1974-жылы курулуп, каттамдардын санынын өсүшү менен элди толук кандуу тейлей албай калган. Ал 2021-2024-жылдар ичинде аэропортто жүргүнчүлөрдүн саны 4 миллиондон 6 миллионго чейин көбөйгөнүн белгилеп, аны модернизациялоонун зарылдыгы келип жеткенин айтты.
"Жаңы аэробекет комплекси, буюрса, аэропорттон саатына 900 жүргүнчүнүн учуп-конуусун тейлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бүгүнкү күндө туман каптаса эле Бишкектен да, Оштон да учактар уча албай жатканын жакшы билесиздер. Быйылкы жылдан баштап Бишкекте да, Ошто да учуп-конуу тилкелеринде оңдоо иштери жүрөт. 2027-жылдан баштап туман деген көйгөй болбойт. Конуу тилкелерин эң жогорку категорияга жеткиребиз. Кандай гана аба ырайы болбосун, учактар учуп-коно берет. Албетте, жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн сапаты менен ыңгайлуулугу да жакшырат", — деди мамлекет башчы.
Жапаров аэропорт өлкөдө жүргүнчүлөрдүн агымы боюнча экинчи орунда турганын айтып, ал жергиликтүү эл менен кошо Борбор Азия, КМШ, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү жана башка региондордун ортосундагы маанилүү байланышты камсыз кыларын кошумчалады.
Асмандагы учак. Архив
1-марттан баштап Бишкек — Кербен багыты боюнча авиакаттам ачылат