БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Россияны Мюнхен конференциясына чакырышкан жок, ал жерде РФ ТИМинин өкүлдөрү жана башка органдар болбойт. Бул туурасында Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Россиянын расмий адамдары коопсуздук саясаты боюнча өткөн Мюнхен конференциясына чакырылбайт. Бул — бир нече жыл мурда кабыл алынган, саясатташкан, кызыктай болгон чечим. Ал жерде Россиянын башка расмий түзүмдөрү сыяктуу эле РФ ТИМинин өкүлдөрү жана башка органдардан да болбойт. Мен муну так айта алам", — деди ал бүгүнкү брифинг учурунда.
Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп 13-февралда Россиянын, Украинанын, АКШнын жогорку жетекчиликтеги адамдары коопсуздук саясаты боюнча өткөн Мюнхен конференциясында жолугарын айткан. Кечирээк АКШ, Россия жана Украина жогорку кызматтагы аткаминерлердин деңгээлинде Сауд Арабиясында келерки аптада жолуга тургандыгын кабарлады.
14-16-февралда Мюнхенде кооопсуздук боюнча 61-конференция өтүп, буга ар кыл мамлекеттерден жогорку кызматтагы мамлекеттик ишмерлер катышары айтылган. Анда тышкы саясаттагы актуалдуу маселелер, көйгөйлөр, анын ичинде Украина жана Жакынкы Чыгыш согуштары талкууланмакчы.