Трамп: Россияны G8 курамынан чыгарып Обама чоң ката кетирген

Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. "Чоң сегиздиктин" курамынан Россияны чыгаруу АКШнын экс-президенти Барак Обаманын чоң катасы болгон. Бул тууралуу Американын учурдагы өлкө башчысы Дональд Трамп Ак үйдөн айтканын РИА Новости жазды.
"Обама жана дагы бир эки-үч киши Россияны чыгарып жаңылышкан", — деген президент.
Трамптын айтымында, Россиянын орду болушу керек, анткени "Чоң жетиликте" көбүнесе Россия тууралуу гана сөз болот.
"Менимче, Путин кайтууну кааламак", — деди өлкө башчы.
"Чоң сегиздик" 1997-2014-жылдары иштеген алдыңкы мамлекеттердин эл аралык форуму болчу. Анын курамын Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Россия, АКШ, Франция жана Япония түзүп келген. Топ Россия 1997-жылы "Чоң жетиликтин" жыйынына катышуу үчүн чакырылгандан кийин куралган, бирок 2014-жылы Крым РФ курамына өткөндөн кийин Москваны форумга катышуудан четтетип коюшкан.
Путинди АКШга чакыруу, Украинада шайлоо өткөрүү. Трамптын маанилүү билдирүүсү