Нурдан Орунтаев курулуш министри болуп дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Нурдан Орунтаев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, 11-февралда башка жарлык менен Мамкурулуш агенттиги Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине айланган. Ошол эле күнү Орунтаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Дене тарбия жана спорт департаменти өзүнчө агенттик болду