БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Мектептерде жашы жете электер менен иштеген инспектордун штаты ачылат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМ башчысы Улан Ниязбеков менен билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жолугуп, мектептердеги коопсуздук чараларын талкуулашкан.
Эки министр мектеп чыр-чатактары менен байланышкан акыркы окуяларга багытталган мындан аркы кадамдарды талкуулашты.
Төмөнкүдөй кадамдарды ишке ашыруу пландалууда:
өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлордун штатын көбөйтүп, мектептерде кабинеттери ачылат. Бул окуу жайлардагы кырдаалды натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана буллингдин, зомбулуктун жана жашы жете электердин кылмыштуулукка тартылган учурларын аныктоого мүмкүндүк берет;
видеобайкоо системасы жакшыртылып, мектептеги кырдаалды тез билдирүү үчүн "коопсуз баскычтар" көбөйтүлөт.
Эске салсак, жыл башынан бери окуучулардын ортосунда өлүмгө чейин жеткен үч мушташ катталды. №72 мектептин 8-класстагы окуучусунун көз жумганы боюнча иш козголгон. Аны жогорку класстагылар уруп койгону айтылган. Андан мурдараак Кантта окуучулар мушташа кетип, 16 жаштагы өспүрүм каза болгону маалымдалган. Кечээ жакында Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгон.