1-марттан баштап Бишкек — Кербен багыты боюнча авиакаттам ачылат

Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. 1-марттан баштап Бишкек — Кербен багыты боюнча авиакаттам ачылат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттам "Асман" авиакомпаниясынын учактары менен жүргүзүлөт.
Ошондой эле рейстер ар жуманын ишембисинде болору кошумчаланды.
Февралдын соңунда Бишкектен Вьетнамга түз авиакаттам ачылат