БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Соттор кеңеши Бишкектин Ленин райондук сотунун жана Араван районунун судьяларын жоопко тартууга макулдук берди. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунуштамасын Башкы прокуратура берген.
Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А. жана Араван райондук сотунун судьясы Ж.Н.Б. коррупцияга айыпталганы айтылып, Башкы прокуратуранын сунуштамасы канааттандырылганы белгиленди.
Ошондой эле президентке аталган эки судьяны кызматынан убактылуу четтетүү сунушу киргизилгени кошумчаланды.