БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Баткенде теңтушуна бычак сайган бала соттун чечими менен ата-энесинин көзөмөлүндө калтырылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБ билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, 8-февралда А.Д. түнкү саат 00:30дар чамасында М.Ч. менен жолуккан.
"Таңкы саат 6:00дө балдар көчөдөн кайра жолугушкан, экөө айтыша кетип А.Д. ашкана бычагы менен М.Ч. көкүрөк тушка сайып жиберген. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Жабырлануучунун абалы оор, ал учурда ооруканада жатат", — деди ОИИБ.
Экөө тең мектепте окубай турганы айтылды.