Баткенде балдар мушташып, бири бычак жеп ооруканага түштү

Колдорунда бычак менен турган адам. Иллюстративдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Баткенде 18 жана 17 жаштагы өспүрүмдөр мушташып, бири көкүрөккө бычак жеген. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 8-февралда болжол менен таңкы саат 7:30да болгон. Жаракат алган 17 жаштагы бала оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулганы айтылды.
Милиция "Денеге атайын залал келтирүү" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Документтер менен кызматкер. Архив
Бишкекте окуучунун өлүмүнөн кийин №72 мектептин директору иштен алынды