Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп: АКШ, Россия жана Украинанын өкүлдөрү келерки аптада жолугушат

Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Вашингтондун, Москванын жана Киевдин өкүлдөрү келерки аптада Сауд Арабиясында жолугушарын АКШнын президенти Дональд Трамп билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Эртең Мюнхенде, кийинки аптада Сауд Арабияда жолугушуу болот. Мен же президент Путин эмес, жогорку кызматтагы адамдар кезигет. Буга Украина да катышат", — деди ал.
Трамп тараптар бир нерсеге жетише алат деп эсептейт.
"Биз келишим түзө алабыз... Менимче, Зеленский да келишим түзгүсү келип жатат, президент Путин да келишим түзүүнү каалай турганын сезип турам", — деди ал журналисттерге.
Трамп Россиянын Украина боюнча эпке келишин эмес, жаңжалдын бүтүшүн күтүп жатканын айтты.
"Президент Путин тынчтыкты каалай турганына ишенем. Мен аны жакшы билем да. Эгер тынчтыкты каалабаса экөөбүздүн кечээки сүйлөшүүбүздө айтмак болчу", — деди ал.
Шаршемби күнү Трамп россиялык кесиптеши менен Сауд Арабиясында жолугарын белгилеп, бирок убактысын тактаган эмес.
"Биз бул согушту токтото алар-албасыбызды көрөбүз. Бул — коркунучтуу согуш. Канча кан төгүлүп кетти. Биз аны аягына чыгаргыбыз келет", — деди ал.
Бейшембиде Трамп Россия, АКШ жана Украинанын жогорку даражалуу өкүлдөрү 14-16-февралга чейин өтө турган Мюнхен коопсуздук конференциясында жолугушарын айтты. Бирок Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Владимир Литвин Украинанын Мюнхен жолугушуусуна катышуу ниети жок экенин билдирди. Ал белгилегендей, Киев алгач Вашингтон жана Европа менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң Москва менен макулдашылган бирдиктүү позицияны талкуулашы керек.
Киевге убада берилген эмес... НАТО башчысынын билдирүүсү