БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. 1945-жылы 14-февралда Лондонго жакын аскердик базадан көтөрүлгөн B-17 Flying Fortress 62 учак Дрездендин ордуна Праганы бомбалап алган.
Ошентип Германия эмес, чехиялыктар жабыр тарткан.
Дрезденди бомбалоо британ-америкалык биргелешкен аба операциясы болгону айтылып келет.
Америкалыктар муну навигациялык ката дешип, Аскер-аба күчтөрү багытынан адашып калганын айтышкан.
Беш мүнөттүк бомбалоодон 701 адам өмүрү менен кош айтышып, 1 184 киши жаракат алган. Каза тапкандардын көбү жай жарандар эле. 11 миң прагалык үй-жайсыз калган.
Борбор шаардын чок ортосуна тонналаган бомба түшүп, канабайрам кылган. 183 имарат орду-түбү менен жок болсо, 200гө чукулу оңбогондой талкаланган. Алардын арасында маданий-тарыхый жактан баалуу жайлар да болгон.