Дүйнөнү багындырган көзү азиз паратриатлет — спорттогу жолу, жетишкендиктери

Sputnik
Жалалдин Абдувалиев – паратриатлет жана спорттун ушул түрү боюнча дүйнө чемпиону. Жалалдин 2014-жылы кырсыктан улам көзү толугу менен көрбөй калган — ал окуядан эки жыл өткөн соң профессионалдык спортко кадам таштаган. Болгону алты жылдын ичинде ал паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери жана көзү азиздер үчүн мейкиндикте багыт алуу боюнча инструктор боло алган.
Кыргызстандык паратриатлеттин спорттогу өмүр жолу жана жетишкендиктери менен “Спортбокс” программасында тааныштырабыз.