Быйыл 1-марттан тарта акциздик маркасы жок бир катар товарларды жүгүртүүгө тыюу салынууда. Анын ичинде электрондук тамеки, кальян жана тамекинин башка түрлөрү бар. Ошондой эле майлоочу майлар жана кошулмалар дагы бар. Буга байланыштуу Салык кызматы ишкерлерди 28-февралга чейин бул товарларды маркалап бүтүүгө чакырууда.
“Ачык кеп” программасынын бул чыгарылышында Кирип жаткан тыюу жана анын шарттары тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Салык кызматынын акциздик товарларды контролдоо жана маркалоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Акматов жооп берди.