Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды ар тараптуу колдоого алуу үчүн соцкызматкерлердин 550 штаты ачылды. Жаңы социалдык кызматкерлер балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, катаал мамилеге, зордук-зомбулукка жана кайдыгерликке ыкчам жооп кайтарышат. Ошондой эле мындай нерселерди алдын алуунун үстүндө иштешет. Ар бир баланын жашоосу жана өнүгүүсү үчүн коопсуз шарттарды түзүү алардын милдети болот. Бүгүнкү күндө социалдык менен мамлекеттик кызматкерлердин функциясы айырмаланып турушу керек. Жарлыкка ылайык, министрлик социалдык кызматкерлердин аткара турган иштери, талабы, квалификациясы, максаты жана жетише турган иштери тууралуу жобо иштеп чыкканын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлө жана балдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Тодогелдиев айтып берди.