Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда үй-бүлөлүк иш-чараларда ысырапкорчулукка каршы радикалдуу күрөш боюнча тегерек стол өттү. Анын алкагында жакында эле коомдук талкууга коюлган “Кыргыз Республикасындагы ырым-жырымдарды, мааракелерди жана каада-салттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукту чектөө жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды. Тегерек столго, бийликтин, муфтияттын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер катышты.
Талкуудагы таалуу ойлорду “Күн башат” программасынан тыңдай аласыз.