Пресс-борбор

Өкмөт быйыл мунайды кайра иштетүүчү "Жунда" заводун модернизациялайт

Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Быйыл мунайды кайра иштетүүчү "Жунда" заводуна 167 миллион доллардын тегерегинде инвестиция салынарын министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, каражат заводду модернизациялоого жана К5 классындагы бензиндин стандарттарына ылайыкташтырууга жумшалат.
Первый замглавы кабмина Данияр Амангельдиев
"Модернизациялоо иштерин 2025-жылдын аягына чейин бүтүрүү мерчемделип жатат. Инвесторду колдоого багытталган конкреттүү жол картасы түзүлдү. Абдан жакшы жеңилдиктерди бердик, нефтини кайра иштетүүгө акциздик салыктан да бошоттук. Мунун баары мунайды кайра иштетүүдөгү потенциалды арттыруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет", — деди Амангелдиев.
Ал бийлик мунай казуу көлөмүн жогорулатуу боюнча тапшырма коюп жатканын белгиледи. Амангелдиевдин айтымында, 2027-жылы Жалал-Абаддагы нефтини кайра иштетүүчү завод жаңыланып бүтөт.
ЕАЭБден товар ташыгандарга салыктын 20 пайызын алдын ала төлөтүү сунушталды