MCN Coin иши боюнча кармалган Юруслан Тойчубеков эки айга камалды

Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Биринчи май райондук соту MCN Coin иши боюнча кармалган Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мурунку жетекчиси Юруслан Тойчубеков камакка алынганын билдирди.
Эскерте кетсек, чуулуу MCN Coin уюштуруучуларынын бири Исрадин Субанбеков буга чейин "криптовалютаны" үч адам түзүп, Юруслан Тойчубеков аларга кеп-кеңешин берип тургандыгын билдирген.
Сот чыгарган токтомдо 11-февралда кармалган Тойчубековго карата Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси ("Финансы пирамидаларын уюштуруу") боюнча иш козголгону, ал 5-апрелге чейин камакта болору айтылат.
MCN Coin криптовалютасы: Исрадин Субанбеков менен шериги камакка алынды