БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин кооперациялык программасына катышууну пландап жатканын министрлер кабинетинин жетекчисинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

Министрлер кабинетинин жетекчисинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев
© Sputnik / Самрат Карачев
Анын айтымында, тийиштүү долбоорду иштеп чыгуу чечими жакында эле кабыл алынды.
"Эми Кыргызстандын демилгеси менен агроөнөр жай боюнча долбоорлор өнөр жай кооперациясына кирет. Айрыкча бул кант кызылчасын өстүрүүгө жана өндүрүштү модернизациялоого тиешелүү. Бул жаатта Россия менен Беларустун тажрыйбасы бар. Айыл чарба тармагында дагы ушундай долбоорлор жетиштүү болот деп ишенем", — деди Амангелдиев.